Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Швейцариянын бийлиги ФИФАнын мурдагы вице-президенти Эухенио Фигередону мекенине, Уругвайга өткөрүп берип, ал жакта камакка алынды. Ал коррупцияга катышы бар футбол аткаминери катары сот жоопкерчилигине тартылат.

Фигередо Уругвай бийлигинин өтүнүчү менен Швейцариядан Монтевидео шаарына алынып келинди. 84 жаштагы футбол төбөлү пара алуу, алдамчылык жана арам акчаны адалдоо беренелери боюнча айыпталууда.

Быйыл жайында Уругвайдын юстиция департаменти Фигередонун жана анын аялынын активдерин токтоткон.

Эухенио Фигередо үстүбүздөгү жылы жазында Щвейцарияда камакка алынган ФИФАнын жетекчилеринин бири. АКШ бийлиги аларды 150 миллион долларлык коррупциялык иштерге аралашкан деп айыптаган. Бул ишке кириптер болгон он төрт адамдын сегизи Түштүк Америкадан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG