Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Орусия: ГЭСтерди куруудан баш тарта элекпиз


Быйыл жайында эле Нарындын жогорку тарабындагы ГЭСтердин курулушу токтогон. ГЭС курат деген жумушчулар шаарчасы август айында эле каңгырап бош калган.
Быйыл жайында эле Нарындын жогорку тарабындагы ГЭСтердин курулушу токтогон. ГЭС курат деген жумушчулар шаарчасы август айында эле каңгырап бош калган.

Президент Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Орусия Кыргызстандагы ири долбоорду аткаруудан баш тартты деп айтуу азырынча эрте экендигин билдирди. Атамбаев 24-декабрда Орусия ГЭСтерди курбай турганын айткан.

Ал ортодо кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти куруу үчүн жаңы инвестор издегени жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда жылды жыйынтыктап жатып, Орусия бул ГЭСтерди кура албай калганын жарыялады. Эки өлкө ГЭСтерди куруу тууралуу 2012-жылы эле макулдашкан жана биринчи агрегат келерки жылы ишке кириши керек болчу.

Орусия Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруп бере албай калганы тууралуу кабар нарындыктарды бир түйшөлтүп койду. Нарын районундагы Орток айылдык кеңешинин депутаты Аятбүбү Касмалиева жүздөгөн жумушчу орун түзүлөт, энергетикалык каатчылыктан арылабыз деп турган жергиликтүү элдин үмүтүнө суу сепкендей болгонун айтып берди:

- Орусияга абдан эле ишенип алган экенбиз. Улуу держава, бүтүрөт, мамлекет электр энергиясын сатып, экономикабыз жогорулайт, карапайым калкка да жакшы болот, бай мамлекет болсок жакшы болот деп үмүт артып алыптырбыз да. Азыр эми кандай инвестор келет, ал кандай талап коет деп эле отуруп калдык. Маселелер көбөйдү. Баарыбыз эле шыпшынып, маанайыбыз жок эле отуруп калдык. Үмүткөр болгон элдин маанайын абдан чөктүрүп койду.

Орусиялык “Русгидро” компаниясы ГЭСтерди каржылабай калганы ушул жайында эле маалым болгон. Президент Алмазбек Атамбаев компаниянын башчысы Евгений Додду Бишкекке чукул чакырткан жана ал ГЭСтерди куруу үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирип кеткен. Бирок иш ордунан козголгон деле эмес. Президент Алмазбек Атамбаев Орусия долбоорду ишке ашыра албай калганын 24-декабрдагы маалымат жыйынында мойнуна алды.

Алмазбек Атамбаев. 24-декабрь, 2015-жыл
Алмазбек Атамбаев. 24-декабрь, 2015-жыл

- Биз бул темада ушул жылы бир канча ирет Орусиянын жетекчилиги менен жолуктук. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен көп жолу сүйлөштүк. Орусия экономикасынын азыркыдай абалында ГЭСтер тууралуу келишимди аткара албай калды. Келишимдерге кол коюлуп жатканда башка, азыр болсо бөлөк абал. Ошондуктан Кыргызстан бул келишимдерден чыгып, башка инвестор издеши керек. Биз бул долбоорлорду токтотуп кое албайбыз.

ГЭСтер тууралуу Атамбаевдин билдирүүсүнө расмий Кремл дароо эле реакция жасады.

Орус президенти Владимир Путин жана анын маалымат катчысы Дмитрий Песков
Орус президенти Владимир Путин жана анын маалымат катчысы Дмитрий Песков

Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков экономикалык маселелерге карабай долбоорлор токтоп калды деп айтуу эрте экенин, бир канча вариант каралып жатканын, талкуу токтой электигин орусиялык маалымат каражаттарына билдирди.

Анткен менен кыргыз өкмөтү жаңы инвестор издегенге киришти. Премьер-министр Темир Сариев 25-декабрда ГЭСтерди курууга башка инвесторлорду тартуу боюнча сүйлөшүүлөр башталарын билдирди.

Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыровдун оюнча, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди чакан инвесторлор курса болот. Ал эми Камбар-Ата-1ди курууга байланыштуу саясий да маселелер бар болгондуктан, ага ири өлкөлөрдүн колдоосу керек:

Райымбек Мамыров
Райымбек Мамыров

- Экономикалык жактан алып караганда, Камбар-Ата-1 ГЭСи кызыктуу, чоң долбоор. Эгер инвестиция сала турган болсо, электр энергиясы кымбаттап жатканын эске алганда жакшы эле долбоор. Бул жерге анча-мынча майдараак инвестор келбейт. Биринчиден, акча жагы бар, кеминде 3 миллиард доллар керек. Мындан улам Орусия болбосо да Кытай өңдүү мамлекеттер керек. Эгер ГЭСтер курулуп калса, аны сата турган, керектей тургандар табылат.

Буга чейин Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна ачык каршы болуп келген. Бул жагдай Орусиянын аталган ГЭСти курууну кечеңдетип жатканынын бир себеби катары айтылган.

Бишкек менен Москва ГЭСтерди куруу тууралуу 2012-жылы эле макулдашкан. Ошондон бери Камбар-Ата-1 боюнча эч нерсе жасалган эмес, ал эми Жогорку Нарын каскадында үч жылдын ичинде жети гана пайыздык жумуш аткарылган.

XS
SM
MD
LG