Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Эрдоган өзүн өлтүрүүгө камынган адамды оюнан кайтарды


Эрдоган жана өз жанын кыйууга камынган жигит. 25-декабрь, Стамбул.

Эрдоган жана өз жанын кыйууга камынган жигит. 25-декабрь, Стамбул.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган өз жанын кыйууга бел байлаган жаранды өлүмдөн сактап калганы чет элдеги медианын негизги темасына айланды.

Окуя 25-декабрда Босфор кысыгындагы Ата-Түрк көпүрөсүндө болду. Президенттин кортежи өтүп бараткан кезде 64 метр бийиктиктен боюн таштап, жанын кыйууга аракет кылган жигитке мамлекет башчынын көзү түшүп, унааны токтоткон. Президенттин жан-жөкөрлөрү жигит менен сүйлөшүп, аны Эрдоган отурган унаага алып келишкен.

Интернетке жайылган тасмада ал жаран президент менен бир саамга сүйлөшкөнү, Эрдоган тийиштүү кишилерге анын маселесин чечип берүүгө телефондон тапшырма бергени тартылган. Андан соң жигит мамлекет башчынын колун өөп, коштошкон.

Кабарларга караганда, жанын кыйууга камынган адам үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам ушул кадамга бармакчы болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG