Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Кара-Сууда “Ахмадий” агымындагыларды текшерүү күчөгөнү айтылууда


Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында ислам дининин “Ахмадий” агымынын мүчөсүн атып кетишкенден соң милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар арасында текшерүү иштерин күчөттү. Милиционерлер үймө-үй кыдырып, текшерип, көпчүлүктү “Ахмадий” агымына мүчө деген шек менен суракка алып, айрымдарына күч колдонуп жатышканын аталган айылдын тургундары “Азаттыкка” кабарлашты.

Жергиликтүү милиция күч колдонуу тууралуу маалыматты төгүндөп, бирок алдын алуу иштерине байланыштуу түшүндүрүүлөр, сүйлөшүүлөр болгонун билдирди.

22-декабрда Кашкар-Кыштакта “Ахмадий” агымындагы 37 жаштагы тургунду белгисиз кишилер атып кетишкен. Көп өтпөй кылмышка шектүү алты киши кармалган.

“Ахмадий” агымына Кыргызстанда тыюу салынган эмес. Өлкөдө “ахмадийлердин” миңге чукул мүчөсү бар. Алар жума намазды мечиттерде эмес, өздөрүнчө окушат. (SE)

XS
SM
MD
LG