Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Москвадагы мигранттарды кармоочу жайда 60тан ашуун кыргызстандык отурат


Москванын четиндеги Сахарово айылындагы мигранттарды убактылуу камоочу жай
Москванын четиндеги Сахарово айылындагы мигранттарды убактылуу камоочу жай

Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жайда 60тан ашуун кыргызстандык бар. Алардын айрымдары сот чечимин эки жылдан бери күтүп келатат. Көпчүлүгү миграциялык документтерди мыйзамдаштырбай, полицияга паспортсуз кармалгандар же аты-жөнүн жашыргандар. Дагы бир жоон тобу бири-бирине кайчы келген орус мыйзамдарынан жапа чеккендер.

Узаган аптада Москвадагы кыргыз диаспорасынын жаштары жана элчиликтин кызматкерлери ал жерде камакта отургандар менен жолугушуу өткөрдү.

Расмий маалыматтар боюнча Орусиядагы кыргызстандыктар 500 миңден көп. Бейрасмий миллиондон ашат. Мыйзамсыз жүргөн аныкталгандар 126 миңдин тегерегинде.

XS
SM
MD
LG