Нарын шаардык мэриясы 2014-2017-жылдары Туруктуу өнүктүрүү программасынын негизинде 111 долбоорду аткарууну пландаган. Учурда анын 58и жасалып, айрымдары уланып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.
Аткарылган долбоорлордун басымдуу бөлүгү саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармагына тиешелүү. Ага 2 миллиард 608 миллион 173 миң сом керектелсе, 273 миллион 120 миң сому республикалык, 13 миллион 325 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Чет өлкөлүк донорлор – 2 миллиард 321 миллион сомдон ашуун каражат берген. (MiK)