Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 08:15

“Эхо Москвы” радиосунун сайтынан белгилүү публицист, Путиндин саясатына сын көз караштагы макалалары менен таанылган журналист Виктор Шендеровичтин “Особое мнение” берүүсү алынып салынды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасында маалымдады. Анын айтымында, сайт редактору берүүдө сөгүнгөн сөздөр көп колдонулганы үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Бирок журналист берүүдө бирөөнү сөккөн сөздөр жок экенин айтууда. “Эхо Москвы” буга комментарий бере элек.

Виктор Шендерович Владимир Путиндин режимин сындап келгендердин бири. Ал радиоберүүлөрүндө Орусия Крымды Украинадан тартып алганын, Украинадагы орусиячыл жикчилдердин иш-аракети туура эместигин такай айтып турат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG