Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:27

Боснияда теракт уюштурууга шектелген 11 киши кармалды


Босниянын терроризмге каршы күрөшүү прокурорунун айтымында, күч кызматкерлери өткөн жумада экстремизмге шектелген 11 кишинин кармап, Сараеводо жүзгө жакын адамдын өмүрүн сактап калышты.

Колго түшкөн экстремисттик топ жаңы жыл майрамы учурунда теракт уюштурууну пландап жатканы аныкталганын прокурор Дубровко Кампара 26-декабрда мамлекеттик телеканал аркылуу маалымат берип жатып билдирди.

Шектүүлөр Босния баш калаасынын бир канча жеринде атайын рейд учурунда колго түшүшкөн.

Былтыр Босния бийлиги исламчыл экстремисттерди жана аларды жалдаган кишилерди 20 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алган. (SE)

XS
SM
MD
LG