Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:51

Орусияда Беларустан кирген 57 тоннадан ашуун мөмө-жемиш жок кылынды


Орусиянын Псков облусунда Беларустан аткезчилик аркылуу кирген 57 тоннадан ашуун алма, киви жана алмурут жок кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары “Росельхознадзордун” маалыматына таянып билдирди.

Кабарларга караганда, мөмө-жемиштер үчүн беларус ишкерлери Түштүк Африка Республикасынан, Мароккодон жана Сербиядан алган сертификаттар жасалма экени аныкталган.

Бардык мөмө-жемиштер механикалык жол менен талкаланып, Остров шаарындагы таштанды талаасына төгүлдү.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG