Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Мергенчилерге сыйлык көлөмүн көтөрүү сунушталууда


Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү карышкыр аткан мергенчилер үчүн сыйлыктын көлөмүн 10 миң сомго чейин көтөрүүнү өтүнүп, өкмөткө жана парламентке кат жолдошту. Буга чейин ал сумма 5 миң сом болгон. Бирок мергенчилер бул акча алардын эмгегин актабай турганын айтышууда. Учурда 63 топ карышкырларды атуу боюнча иштеп жатат.

Облустук аңчылык департаментинин жетекчиси Сагынаалы Боогачиев билдиргендей, 2015-жылдын башынан бери аймакта 158 карышкыр атылды. Андан сырткары 42 бөлтүрүк, 110 чөө атылган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү быйыл карышкыр келтирген чыгым Нарында 12 миллион сомго жеткенин айткан. Жырткычтарды жок кылуу үчүн өкмөттөн 500 миң сом каралган. Бирок анын 150 миң сому гана Нарын өкүлчүлүгүнүн эсебине түшкөн. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG