Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

АКШ элчиси кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен кыргызча куттуктады


Шейла Гуолтни
Шейла Гуолтни

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни келаткан 2016-жыл менен кыргызстандыктарды кыргыз тилинде куттуктады. Анын куттук сөзү жазылган видеону интернетке элчилик кызматкерлери таратты. Анда Гуолтни айым декабрь айы Кыргызстан менен АКШ үчүн маанилүү мезгилдердин бири экенин белгилеп, 24 жыл мурун бул айда алгачкы дипломатиялык алака орногонун билдирди.

Элчи айым кыргызстандыктар меймандос экенин белгилеп, ортодогу достук мамиле өркүндөй беришин тилеген:

Sheila Gwaltney, US Ambassador to Kyrgyzstan
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00
Түз линк

Быйыл 21-июлда премьер-министр Темир Сариев 1993-жылы 19-майда кол коюлган Кыргызстан өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн кызматташуудагы жеңилдиктер тууралуу келишимин жокко чыгарган токтомго кол койгон. Буга Оштогу Июнь коогасына күнөөлөнүп, өмүрүнүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго АКШнын мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылганы себеп болгон.

АКШ Кыргызстандын эгемендигин тааныган алгачкы мамлекеттердин бири болуп саналат. (SE)

XS
SM
MD
LG