Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Кыргыз кинематографисттер союзуна жаңы жетекчи шайланды


Кинематогафисттер союзуна Таалай Кулмендеев төрага болуп шайланды. Мындай чечим кинорежиссерлордун жекшемби күнкү жыйынында кабыл алынды. Уюмду буга чейин жетектеген Садык Шер Нияз аткарылган иштер тууралуу баяндама жасап, кызматын тапшырган соң жыйынга катышкандар бир добуштан Кулмендеевдин талапкерлигин көрсөтүп, аны шайлашты. Киночулардын чогулушуна тасма айдыңында иштеген 145 адам келгенин “Азаттыкка” кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров билдирди.

Жаңы шайланган Таалай Кулмендеев мурда “Кыргызфильм” киностудиясын да башкарган. “Жымжырт”, “Кумар” жана “Асман алдында” деген кинолорду тарткан. (SE)

XS
SM
MD
LG