Бүгүн өкмөт башчы Темир Сариев Ош шаарына жумушчу сапар менен барып, балдар үчүн уюштурулган “Премьердин балатысына” катышат. Майрам мэрияда болорун, ага өткөн айдагы жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөрдөгү балдар да чакырылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр майрамдык кечеден соң журналисттерге маалымат жыйын куруп, бир жылда аткарылган иштер боюнча суроолорго жооп берет. (SE)