Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Украинада ЕККУ байкоочуларына ок атылды


ЕККУ байкоочуларына ок атылган Коминтерн кыштагы, 24-декабрь, 2015-жыл.
ЕККУ байкоочуларына ок атылган Коминтерн кыштагы, 24-декабрь, 2015-жыл.

Украинанын Донецк облусунун Коминтерн кыштагында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары ок атууларга кабылды. Окуяда эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы кабарлады. Өздөрү Донецк элдик республикасы деген аймактагы жикчилдер украиналык аскерлер ок чыгарганын билдирсе, Киев муну четке кагып, атайын уюштурулган чагым деп атоодо.

Буга чейин Украинанын Башкы штабы Коминтерн кыштагын жикчилдер ээлеп, кыштакта аскерлерин жайгаштырганын кабарлаган болчу.

Акыркы күндөрү Донбасстагы согуштук аракеттерден украиналык бир жоокер набыт кетип, дагы үчөө жаракат алганын Украина президентинин администрациясы маалымдады. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG