Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Тажикстанда улуттук ысымдардын тизмеси даярдалды


Тажик кыздарынын улуттук баш кийими

Тажик кыздарынын улуттук баш кийими

Тажикстандын терминдер жана тил боюнча комитети улуттук ысымдардын бирдиктүү тизмесин даярдап, өкмөттүн кароосуна жиберди. Аталган комитеттин өкүлү Абдурахим Зулфониён “Азаттыктын” тажик кызматына маалымдагандай, тизмеде 4 миң ысым жазылган. Ал бекитилгенден кийин жарандык абалды каттоо бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт. Ошонун негизинде жаңы төрөлгөн балдарга документ берилмекчи.

-Мекеменин кызматкерлери тизмеде бар ысымдарды гана каттай алышат. Тажик улутундагы ымыркайларга аягы "кул", "хан" деген аталыш менен бүткөн түрк ысымдарын коюуга тыюу салынууда, - дейт Зулфониён.

Бул эреже өлкөдөгү башка улуттун өкүлдөрүнө тиешелүү эмес.

Тизмеде тажик элине сиңип калган араб ысымдары да кездешет. Ал коомчулукка 2016-жылы жарыяланат. (SE\AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG