Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Ирактын аскерлери Рамади шаарын жихадчылардан кайтарып алды


Ирак аскерлери шаардын борбордук бөлүгүндө, 27-декабрь, 2015-жыл.
Ирак аскерлери шаардын борбордук бөлүгүндө, 27-декабрь, 2015-жыл.

Ирактын армиясы “Ислам мамлекети” тобу менен согушкан учурдан бери биринчи жолу жеңишке жетип, жекшемби күнү Рамади шаарын толугу менен бошотту. Бул шаар үчүн кырчылдашкан салгылашуу бир жумага созулду.

Анбар провинциясынын борбору Рамади шаары Багдаддан 100 чакырым батышта туруп, Сирияга кетчү темир жолдун тоомунда турат. Бул шаарды согушкерлер быйыл май айында басып алып, ал жихадчылардын негизги таянычына айланган болчу. Бир жума бою айыгышкан салгылашуулар Ирак телеканалынын түз эфиринде көрсөтүлүп турду. Эми Ирактын армиясы “Ислам мамлекети” тобу 2014-жылы жайында басып алган Мосул шаарын бошотууга даярданып жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG