Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Ярош “Оңчул сектордон” чыгып, жаңы кыймыл түздү


Буга дейре "Оңчул секторду" башкарып келген Дмитрий Ярош.

Буга дейре "Оңчул секторду" башкарып келген Дмитрий Ярош.

Украинадагы “Оңчул сектор” улутчул кыймылынын башчысы Дмитрий Ярош өзүнүн уюмдан чыкканын жана жаңы коомдук-саясий бирикме түзгөнүн жарыялады. “Мен өзүмдүн командам менен бирге “Оңчул сектор” улутук-боштондук кыймылынан чыктым” – деп билдирди Дмитрий Ярош. Ошондой эле ал жаңы коомдук-саясий кыймыл түзүп, аны негиздөө курултайы февраль айына белгиленгенин айтты. Мындан сырткары Ярош өзүнүн командасы менен биргеликте революциялык жолдон кайтпай турганын кошумчалаган. Орусияда “Оңчул сектор” уюму экстремисттик деп табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG