Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Түркияда сириялык журналистти атып кетишти


“Ислам мамлекети” экстремисттик топтун согушкерлеринин кылмыштары жөнүндө документалдуу тасма тарткан сириялык журналист жана жарандык активист Нажи Жерфти 27-декабрда Түркиянын Газиантеп шаарында атып кетишти. Ал Сирияда кеңири тараган, ай сайын чыгуучу Hentah гезитинин да башкы редактору болуп иштечү. Аны менен чогуу иштеген чыгармачыл топтун өкүлдөрү ок үн басаңдаткыч тагылган тапанчадан атылганын “Твиттерге” жазышты. Жерфтин документалдуу тасмасында Сириянын Алеппо шаарында “Ислам мамлекети” уюмунун өкүлдөрүнүн мыкаачылыгы, тескери жоруктары баяндалган. Тааныштарынын бири маркум ушул жумада Франциядан башпаанек алуу үчүн бүт үй-бүлөсү менен Парижге келүүгө камданып жатканын, бирок максаты ишке ашпай калганын France Press агенттигине билдирди.

“Ислам мамлекетине” каршы чыккан сириялык жарандарды Түркияда өлтүрүп кеткен учур биринчи жолу болуп жаткан жок. Октябрда сириялык белгилүү жарандык активист жана анын санаалашы Шанлыурфа калаасында өлтүрүлүп, буга аталган террордук топ жоопкерчилик алган эле. (NT/KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG