Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети омбудсмен кызматына фракциялар сунуштаган талапкерлердин программасын, иш-планын бүгүн талкуулайт. Мыйзам чыгаруу органынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ар бир талапкер боюнча фракция лидерлери маалымат берет.

Кыргызстандын акыйкатчысынын кызматына арыз берген 36 талапкердин ичинен фракциялар сегизин тандаган. КСДП, “Республика Ата-Журт”, “Бир бол” жана "Кыргызстан" партиялары бирден, “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогесс” экиден талапкерди көрсөткөн.

10-декабрда өткөн шайлоодо фракциялар сегиз талапкерди сунуштап, үч айлампа менен добуш берүүдө алардын эч кимиси жетиштүү добуш алган эмес. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG