Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

ТИМ Дүйнөлүк банктын дипномурун алып койду


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилиги жана Дүйнөлүк банктын кеңсесине ноталарды тапшырды. Министрликтен билдиришкендей, дипмиссия жана Дүйнөлүк банктын кеңсеси дипломатиялык номурларды каттоо эрежесин бузушкан.

ТИМ аларга өлкөнүн жол эрежелерин сактоо жана урматтоого чакырып, мындан ары эрежелерди бузбоону өтүндү.

Окуядан улам министрлик Дүйнөлүк банктын кеңсесинин Toyota Prado унаасы одоно эреже бузгандыгы үчүн ага таандык Т52106 номурун алып койду.

Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасы Вена конвенциясына ылайык элчилик жана эл аралык уюмдардын унааларына дипломатиялык номурларды берет. (SDz)

XS
SM
MD
LG