Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Мунай баасы 3 пайызга төмөндөп, Brent үлгүсүндөгү мунай акыркы 11 жыл аралыгында болуп көрбөгөндөй арзандады.

АКШда батыш Техастын мунайы 36 доллар 81 центке бааланса, Brent 36 доллар 62 центке келип такалды. Мыдай кырдаал Жапония жана Европа өлкөлөрүндө мунай өндүрүү азайып, суроо-талап да көбөйгөн жок.

Мунай экспортточу өлкөлөр уюмунун билдирүүсүнө ылайык, алдыда кара майдын баасы төмөндөй бермекчи. Reuters агенттигинин иликтөөсүндө, жакынкы келечекте батыш Техас майынын баасы 10 пайызга ылдыйлап, бир баррелдин наркы 32,5 долларга түшөт.

АКШнын Конгресси мунайды экспорттоону жокко чыгаргандан кийин Brent үлгүсүндөгү кара май баасы биринчи жолу башкаларга салыштырмалуу төмөндөдү. Бүгүн таңга жуук Азия базарында мунайдын баасы дагы төмөндөдү. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG