Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Каракол шаарында калкты тейлөө борбору ачылды


Бүгүн Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында калкты тейлөө борбору ачылды. Жергиликтүү эл мындан ары паспорт алуу, каттоого туруу, виза алуу өңдүү жана башка маселелерди ыкчам чече алышмакчы.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Камчыбек Акишов калкты тейлөө борборун ачып жатып:

- Мындай борбор мурда узак мөөнөт менен жарандарга документин берип келсе, 20-январдан тарта 2-4 жана 8 күндүн аралыгында электрондук вариантта документтерди бере алабыз, - деп билдирди.

Бул калкты тейлөө борбору республика боюнча үчүнчү болуп ачылууда. Буга чейин Бишкекте эки борбор ачылган. (AsM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG