Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Жаңы жылдан кийин электр энергияга чектөө кириши мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Электр станциялары” ААКнын жетекчисинин орун басары Узак Кыдырбаев билдирди. Токтогул ГЭСиндеги аварияга байланыштуу энергияга чектөө өлкө боюнча кириши мүмкүн.

- 2-январга чейин эч кандай чектөөлөрдү киргизбейбиз. Бул келаткан майрамдарга байланыштуу ушундай чечим кабыл алдык. Үзгүлтүксүз энергияны берүү үчүн Токтогул ГЭСинен сууну агызууну көбөйтүп, төмөн жактагы ГЭСтердин кубаттуулугун күчөтүшүбүз керек.

Кыдырбаев Токтогулдан сууну агызуу менен суу сактагычтагы суунун көлөмү азайбашы керек деди. Жетекчилик суу агызууну убактылуу гана сааттарда жүргүзөт.

29-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд. 343 млн. куб метрге жетти.

Кечээ таңкы саат 7лерге чукул Токтогул ГЭСиндеги кабелдерде май тамганынан улам, төрт генератордун экөө авариялык режимде өчүрүлдү. Экономика министрлиги ГЭСтеги оңдоо иштерине Орусиядан адистер тартылганын маалымдоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG