Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Бельгияда теракт уюштурууга шектелгендер кармалды


Тинтүү учурунда аскердик формалар, электрондук маалыматтар жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун үгүт материалдары алынды. Бельгиянын Федералдык прокуратуранын кеңсесинен маалымдалгандай, эки адам Брюсселдеги жаңы жыл майрамы учурунда теракт уюштурууну көздөп жатышкан.

Эки шектүү адам Брюсселдин чеке белиндеги аймактан кармалып, азырынча алардын аттары ачыкка чыга элек.

Бельгиянын күч органдары алгачкы антитеррористтик операция учурунда алты адам кармалганын маалымдап жатканы менен кийинчерээк калгандары бошотулганын тактады. (SDz)

XS
SM
MD
LG