Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

Кыдырбаев: Токтогулдун төмөн жагындагы ГЭСтерге күч келүүдө


Токтогул ГЭСи электр энергиясын эки эсе аз өндүрүп жатканына байланыштуу Күрп-Сай, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде электр энергиясы көбүрөөк иштелип чыга баштады. “Электр станциялары” ААКнын башкы директорунун орун басары Узак Кыдырбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай тажрыйба Кыргызстандын тарыхында болуп көргөн эмес. Жаңы жыл майрамын утурлай энергетиктер электр жарыгын өчүрбөө чечимин кабыл алды, – деди Кыдырбаев.

- Эки генератордун кабелинде май ага баштаганына байланыштуу, аны тез арада алмаштыруу зарылдыгы пайда болду. Биз Кореялык компания менен келишимге кол койгонбуз. Ал боюнча 2008-жылдан бери эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Учурда кабелди алып келүү маселесин тездетүүгө киришебиз.

Экономика министринин орун басары Айбек Калиев ГЭСтеги аварияга байланыштуу электр энергиясын импорттоо маселеси көтөрүлөрүн билдирди. Энергияны сатып алууга Казакстан мамлекети менен сүйлөшүүлөр башталганын кошумчалады. Азырынча адистер казак энергиясын өлкөнүн түштүгүнө чейин импорттоо маселесин караштырып жатышат, - деди Калиев.

Кечээ таңкы саат 7лерге чукул Токтогул ГЭСиндеги кабелдерде май тамганынан улам, эки генератор өчүрүлдү. (SDz)

XS
SM
MD
LG