Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Нарындык дарыгерлер парламентке талап коюшту


Нарын облустук ооруканасы.
Нарын облустук ооруканасы.

Бүгүн Нарын облустук бириктирилген оорукананын имаратына 50 гө чукул дарыгерлер нааразылык жыйынга чогулушту. Алар 2012-жылы өзгөртүлгөн Эмгек кодексинин 333-беренесине байланыштуу дарыгерлердин бир ставкадан ашык иштегени үчүн кошулчу үстөк акчанын алынып салынышына нааразы экендигин билдиришти.

- Биз айлык акыбыз азайып жатканын айтып 1 ставкадан ашык иштебей турганыбызды мындан 7 ай мурда эле билдиргенбиз. Бирок, тилекке каршы, андан бери өкмөттүн мүчөлөрү келип чечип беребиз, деп сооротуп келишти. Акырында Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы дайындалары менен ушул маселени карайт, деп убада кылышты. Бирок биз оңгулуктуу жооп ала алган жокпуз. Ошондон улам баарыбыз кеңешип, эгер Жогорку Кеңеш кийинки айдын он бешине чейин бул маселебизди чечип бербесе, анда бир ставкадан ашык иштебестигибизди билдиребиз, - деди оорукананын дарыгери Жыргал Аалиев

Ал эми нааразы тараптын оюн укканы келген өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова бул маселе боюнча өкмөткө бир нече ирет кайрылуу жасап, учурда Жогорку Кеңештин чечимин күтүп жатышкандыгын билдирди.

Нарындык дарыгерлер ушул жылдын жай айларында Эмгек кодексине кирген өзгөртүүгө макул эместигин билдирип, бир нече ирет жыйын өткөрүшкөн. Ага өкмөт маани бербегенден улам, ыза болгон дарыгерлердин 70 пайызга жакыны бир ставкадан ашык иштебей тургандыгын тастыктаган арыздарын жазып беришти. Нарын облустук бириктирилген ооруканада 45 дарыгер жетишсиз. Акыркы жылдары ооруканага жаш кадрлар келгени жокко эсе. (MiK)

XS
SM
MD
LG