Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

ЖК комитети акыйкатчылыкка талапкерлерди карады


Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети омбудсмен кызматына фракциялар сунуштаган талапкерлердин программаларын укту. Комитет акыйкатчылык үчүн ат салышканы жаткан жети талапкердин баарына сөз берип, маселени палатанын кароосуна алып чыкмай болду.

Комитет төрайымы Галина Скрипкина талапкерлердин арызын кабыл алууда мыйызам бузуулар болбогонун белгилеп, талапкер Кубат Оторбаевдин арызы мөөнөтүнөн кечикпегенин айтты.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынан көрсөтүлгөн талапкер Кубат Оторбаевдин арызы 20-декабрда гана берилгени чоң талкууну жараткан. Депутат Скрипкина арыздар 16-декабрга чейин кабыл алынат деген шарттуу гана эреже болгонун айтып, эч кандай чектөө болбогонун маалымдады.

Акыйкатчы кызматына талапкерлер:

- Толкунбек Исаков, “Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фондунун жетекчиси, “Ата-Мекен” фракциясынан жылдырылды.

- Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” жаштар кыймылынын мүчөсү, “Ата-Мекен” фракциясы тарабынан көрсөтүлдү.

- Абдыжапар Бекматов, Жогорку Кеңештин экс депутаты, “Бир Бол” фракциясы тарабынан көрсөтүлдү.

- Алишер Мамасалиев, коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан көрсөтүлдү.

- Рита Карасартова, укук коргоочу, “Республика – Ата Журт” фракциясынын талапкери.

- Нуркамил Мадалиев, экс-депутат, “Кыргызстан” фракциясы тарабынан жылдырылды.

- Кубат Оторбаев, КТРКнын мурдагы жетекчиси, “Кыргызстан” жана КСДП фракциялары тарабынан көрсөтүлдү. (SDz)

XS
SM
MD
LG