Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Москва Немцовду өлтүрүүгө "буйрук берүүчүнү" атады


Орусия -- Бориц Немцов өлтүрүлгөн жерге коюлган гүл чамбарлар. Москва, 7-июнь, 2015.
Орусия -- Бориц Немцов өлтүрүлгөн жерге коюлган гүл чамбарлар. Москва, 7-июнь, 2015.

Орусиянын тергөө комитети оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду өлтүрүүнү Чеченстан ички иштер министрлигинин "Түндүк" батальонунун жоокери Руслан Мухудинов уюштуруп, буйрук берген деп эсептейт.

Тергөө комитетинин бүгүн кабарлашынча, Немцовдун өлүмү боюнча кармалган чеченстандык беш жаран - Заур Дадаев, Анзор Губашев, Хамзат Бахаев, Шадид Губашев менен Темирлан Эскерхановго акыркы айып тагылуу алдында турат. Комитет ошондой эле Мухудинов азыр боштондукта жүргөнүн, ал Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун коопсуздук кызматында иштерин билдирди.

Маркум Немцовдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Вадим Прохоров Мухудинов бул иште жөн гана садага чабылып жаткан болушу мүмкүн деп шектенет.

Орус бийликтерине тайманбай сын айтып келген оппозициялык саясатчы Борис Немцов 28-февралда Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн. Көптөгөн серепчилер бул ишти бийликтин буйрутмасы деп атаган. Бирок Кремль мындай айыптоолорду "атайын каралоо" деп четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG