Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Фарид Ниязов: Укук коргоочулар жалакорлорду колдошууда


 Оппозиция өкүлдөрү Уран Ботобековдун сотунда, 9-октябрь, 2015-жыл.
Оппозиция өкүлдөрү Уран Ботобековдун сотунда, 9-октябрь, 2015-жыл.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов мамлекет башчысы тарабынан айрым журналисттерге куугунтуктоо жүрүп жатат деген билдирүүсү сөз эркиндигинин баркын кетиргенден башкага жарабастыгын билдирди. Ниязовдун ырасташынча, Дайыр Орунбеков менен Уран Ботобековду журналист деп айтуу кыйын, аларды Чолпон Орозобекова, Сыргак Абдылдаев же Геннадий Павлюкка салыштырууга болбойт.

"Сот тарабынан миллиондогон сомго айыпка жыгылган журналисттерди колдогон бейөкмөт уюмдардын жетекчилери өтө эле ашкере кетип калышкан,- деп айтылат Фарид Ниязовдун билдирүүсүндө. - Президент тайманбас жана чынчыл журналисттерди ар дайым колдоп келген жана колдоп жатат. Президент журналисттерди бир гана абийирге чакырып келет. Ошондой эле басма сөздү “Өз өлкөңөрдү сүйгүлө!” деп үндөп келатат".

Буга чейин укук коргоочулар Азиза Абдырасулова менен Динара Ошурахунова өлкө башчысына жолдонгон кайрылууда «Президент Атамбаев башында турган Кыргызстандын бийлик режими көз карандысыз маалымат каражаттары менен журналисттерге болуп көрбөгөндөй кысым жасап жатат», - деп жазышкан.

Ошондой эле аталган уюмдар расмий бийликти адамдын эркин оюн билдирүү укуктарын сактоого жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG