Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Ирак премьери ИМден бошотулган Рамадиге барды


Ирак -- Өкмөттүк күчтөрдүн жеңишинен кийин Рамадинин бир көчөсүндөгү көрүнүш. 29-декабрь, 2015.
Ирак -- Өкмөттүк күчтөрдүн жеңишинен кийин Рамадинин бир көчөсүндөгү көрүнүш. 29-декабрь, 2015.

Ирактын мамлекеттик телеканалы премьер-министр Хайдар ал-Абади өкмөттүк күчтөрдүн жеңишин белгилөө үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотулган Рамади шаарына барганын кабарлады. Ирак армиясынын генералы Ахмед ал-Белави премьер-министр иш сапарын коопсуздук күчтөрү жана жергиликтүү бийлик өкүдөрү менен жолугушуудан баштаганын айтты.

Ирак армиясы АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөрдүн аба соккуларынын жардамы менен Рамадини 28-декабрда согушкерлерден бошотуп, шаардагы өкмөттүк башкы имаратка кайрадан өлкө туусун сайган. Мындан соң өлкө бийликтери Рамади толук бошотулуп, өкмөттүн колуна өткөнүн жар салган. Бирок аскер өкүлдөрү булуң-буйткаларга жашырынып, бугуп калган согушкерлер дале изделип жатканын билдирүүдө.

Ирак аскерлеринин бул жеңишин АКШ да кубаттап, Пентагондун башчысы Эштон Картер согушкерлер Рамадиден сүрүп чыгарылышын Ирак күчтөрүнүн өзүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топ менен күрөшүүдөгү маанилүү кадамы катары баалады.

Багдаддан Батышка карай жүз чакырымдай аралыкта жайгашкан Рамади шаары - Анбар провинциясынын борбору. Негизинен сунни мусулмандары байырлаган бул калааны "Ислам мамлекети" террордук тобу быйыл май айында ээлеп алган эле.

XS
SM
MD
LG