Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Орус акчасы дагы арзандады


Москвада бүгүн доллар менен евро рубльга карата көрсөткүчүн жаңылап, дагы бир баскычка көтөрүлдү. Маселен 1 евро 80 рубльга барабар болуп, ушул жылдын августунан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетти. АКШ долларынын наркы да 72 рубльдан ашты.

Эксперттер рубль арзандашын дүйнөлүк базарда мунай баасы түшүп жатканы жана салык төлөө мөөнөтү жыйынтыкталышы менен байланыштырууда.

Ушул күнгө карай дүйнөлүк соодада Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррелинин наркы 2008-жылдан бери биринчи жолу 37 доллардан төмөн түштү.

XS
SM
MD
LG