Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Пакистанда террорчулукка шектелген 9 жаран кармалды


Пакистан бийликтери терроризмге каршы операциялардын натыйжасында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышып, өлкө аймагында террордук чабуулдарды жасоону мерчемдегени шектелген тогуз адам кармалганын билдирди. Алар бир күн мурда өлкө чыгышындагы Пенжаб провинциясында жүргөн рейд учурунда кармалган. Алардын жанынан курал-жарак, жардыргыч заттар жана террорчу топтун лидери Абу Бакр ал-Багдадиге берилгендиги жазылган дисктер табылганы кабарланды.

Пакистан тергөөчүлөрүнүн айтымында, алар "өлкөдө куралдуу төңкөрүш жасоо менен халифат куруу үчүн касам ичкен". Террорчулукка шектелип кармалгандар бири-бири менен интернеттеги социалдык тармактар жана Skype аркылуу байланышып турган. Учурда шектүүлөр суракка алынууда.

.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG