Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Мардандагы жардырдуудан жабыркагандардын саны өстү


Пакистан -- Мардандагы жардыруудан кийин, 29-декабрь, 2015.
Пакистан -- Мардандагы жардыруудан кийин, 29-декабрь, 2015.

Пакистандын түндүк-батышындагы Мардан шаарындагы жардыруудан каза тапкандардын саны кеминде 21, жаракат алгандар 50 адамга жетти. Жабыркагандар арасынан 12 кишинин абалы оор. Алгачкы маалыматтарда бул жардыруудан 18 адам өлүп, 28 киши жаракат алганы айтылып жаткан.

Полиция жардыруу мамлекеттик каттоо кызматынын аймактагы бөлүмү жайгашкан имараттын жанында болгонун билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, жанкечти-террорчу имаратка кирүүгө аракет кылган. Бирок кире бериштеги күзөтчүлөр текшерип жатканда ал бомба салынган кемселин жардырып жиберген.

Бул теракт үчүн Талибандын Пакистандагы тутумуна кирген Жамаат уль-Ахрар тобу жоопкерчилик алды.

Мардан шаары Ооганстан менен чектешкен Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору Пешавардан түндүк-батышка карай 50 чакырымдай аралыкта жайгашкан.

XS
SM
MD
LG