Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Өзбек чек арачысынын огунан эки жаран жабыркады


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүн 30-декабрда кыргыз-өзбек чек арасында Баткен облусундагы “11 гектар” аймагында ок атылды. Алдын-ала маалыматтарга караганда, өткөрмө бекети жок жерден аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары өзбек чек арачыларынын буйругуна баш ийбей коюшкан.

Кыргызстандык жарандарды токтотуу максатында өзбекстандык чек арачылар курал колдонгон. Жараат алган эки кыргызстандык жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылды. Окуя болгон жерге Баткен чек ара отрядынын башчысы барып, жагдайды тактоо аракеттерин жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG