Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Жогорку Кеңеште акыйкатчыга добуш берүү аяктады


Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоодо. Ага үч талапкер - Кубат Оторбаев, Рита Карасартова жана Алишер Мамасалиев катышты.

Депутаттар түшкө чейин өлкөдөгү адам укуктарын жакшыртуу багытындагы программасын угуп, суроолорду беришти. Добуш берүү маалында бюллетендерди текшерүү, көзөмөлдөө учурлары байкалды. Бирок эл өкүлү Жанар Акаев кайсы бир талапкерге добуш берүү тапшырмасы болбогонун “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин Мавлян Аскарбеков, Нуркамил Мадалиев, Абдыжапар Бегматов, Толкун Исаков шайлоого катышуудан баш тарткан. Учурда добуштар саналууда. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG