Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

“Норманд төрттүгү” украин кризисин талкуулайт


Украина, Орусия, Германия, Франциянын лидерлери Киев менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы тынчтык келишимди аткарууга багытталган аракеттерди бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө талкуулаган жатат.

Мунун алдында украин президенти Петро Порошенко менен Германия канцлери Ангела Меркел өзүнчө сүйлөшүү өткөрүшкөн эле.

Порошенконун кеңсеси жикчилдерди тынчтык жараянга коркунуч туудуруп жатканы үчүн айыптады.

Расмий Киев жикчилдердин чагымчыл аракеттери жана элдешүү шарттарын бузуп жатканы тууралуу айтууда.

Украинанын Коргонуу жана коопсуздук кеңешинин төрагасы Александр Турчинов быйыл февралда Минскиде жетишилген тынчтык келишим эми жаңы жылда аткарыларына үмүт билдирди. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG