Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

Грузин парламентиндеги добуш берүүдө Георгий Квирикашвили жетектей турган өкмөткө 114 депутаттын 86 ишеним көргөздү.

Оппозициядагы “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын 28 депутаты каршы добуш беришти.

Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин партиясындагылар жаңы премьер Квирикашвилини да бийликтеги “Грузин кыялы” коалициясынын бейформал лидери, миллиардер Бидзина Иванишвилинин “кезектеги адамы” деп эсептешүүдө.

Жаңы премьер буга чейин тышкы иштер министринин кызматын аркалаган.

Мурдагы өкмөт башчы Ираклий Гарибашвили өткөн аптада себебин айтпастан туруп, күтүүсүздөн эле кызматтан чегинген эле.

Квирикашвили Орусияга карата Грузиянын “суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн таанышына” жараша прагматикалык саясат жүргүзүлөрүн белгиледи. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG