Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Жалал-Абадда милиция үйлөрдү тинтүүдө


Жалал-Абаддагы диний экстремисттерди кармоо учурунда алынган куралдар, 25-декабрь 2015-жыл.
Жалал-Абаддагы диний экстремисттерди кармоо учурунда алынган куралдар, 25-декабрь 2015-жыл.

Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери атайын операция учурунда диний экстремисттик уюмдарга тиешеси бар деп шектелген тургундардын үйүн соттун уруксаты менен тинтип жатышат. Атайын ыкчам топ менен тергөөчүлөр 10 топко бөлүнүп Сузак району менен Жалал-Абад шаарындагы тургундардын үйлөрүн текшерүүгө алууда. Азырынча так маалымат айтыла элек.

24-декабрда Жалал-Абадда көп кабат үйлөрдүн биринде жашынып жүргөн куралчан топ колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын жанынан эки даана ок атуучу курал, маң зат жана ири өлчөмдөгү ок-дарылар табылган. Облустук милициянын маалыматына караганда, кармалгандар шаарда теракт уюштурушу ыктымал деп шектелүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG