Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Түркияда теракт жасашы ыктымал эки адам кармалды


Түркия полициясы билдиргендей, камакка алынгандар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү жана Жаңы жыл майрамы учурунда Анкарада жанкечтилик кылып теракт жасоого камынгандар деп шектелүүдө.

Түрк маалымдоо каражаттарында кабарлангандай, камакка алынгандар Түркияга Сириядан келишкен. Алар Анкаранын борбордук Кызылай аянтында, эл Жаңы жылды тосуп жаткан кезде өзүн-өзү жардырууга барышмак.

Быйыл октябрь айында Анкарада кош жанкечтинин жардыруусунан 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган болчу.

Бийликтер бул кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” тобун айыптап, коопсуздук күчтөрү андан бери топтун Түркиянын аймагындагы “очокторун” жок кылууга багытталган бир нече операцияларды өткөрдү. (UE)

XS
SM
MD
LG