«Интерфакс–Казакстан» булагы кабарлагандай, Байкоңур космодромунан кийинки жылдагы план боюнча, “Союз” ракетасы 10 ирет, “Протон” 8 жолу учурулат. Алардын үчөө Эл аралык космос станциясына жүк жеткирүү милдетин аткарат. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу аз. Акыркы он жылда Байкоңурдан жыл сайын 30дай ракетаны учуруу максат кылынып, бирок анын 20-25и гана ишке ашкан. (SE\NT)