Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Банк күзөтчүлөрүнүн ок атышуусуна ичкилик себеп болгону айтылууда


Жалал-Абаддын Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан РСК банкынын күзөт кызматкери шериги менен жаңжалдашып, аны жана өзүн да атып салган окуя боюнча райондук милиция кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

30-декабрга караган түнү эки кызматкер жаңжалдашып, бири шеригин атып өлтүргөн. Андан соң кызмат ордун таштап Кербен шаарындагы үйүнө барып, өзүн да атып салган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жаңжалга ичкилик себеп болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG