Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Төрт лидер Украинадагы тынчтык жараянды талкуулады


Президент Петро Порошенко.
Президент Петро Порошенко.

Украина, Орусия, Франция, Германия лидерлери Украинадагы тынчтык жараянын талкуулады. Президенттер Петр Порошенко, Владимир Путин, Франсуа Олланд жана канцлер Ангела Меркел бүгүнкү телефон сүйлөшүүсүндө Украинанын чыгышында ок атышуулардын толук токтошу үчүн кайрадан колдоо көргөзүштү.

Француз лидеринин кеңсеси билдиргендей, төрт лидер ошондой эле аймактан оор куралдарды чыгаруу боюнча мурда макулдашылган милдеттенмелер токтоосуз аткарылуусу зарылдыгын да белгилешти.

Алардын телефон сүйлөшүүсүндө быйыл февралда кол коюлган Минск тынчтык келишиминин шарттарын 2016- жылы аткаруу, ага катар Украинанын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн чыгышында 2017-жылдын башында жергиликтүү шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү маселеси да талкууланды.

Бүгүнкү телефон сүйлөшүүлөрдүн алдында Порошенконун кеңсеси орусиячыл жикчилдерди тынчтык жараянга коркунуч туудуруп жатканы үчүн айыптаган.

Украин президенти бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө акыркы апталарда Донбасста кырдаал кайра курчуганы тууралуу айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG