Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

Крымда жапырт жарык өчүшү күтүлүүдө


Орусия басып алган Крымдын Черноморское шаарчасындагы балаты майрамы, 25-декабрь, 2015-жыл.

Орусия басып алган Крымдын Черноморское шаарчасындагы балаты майрамы, 25-декабрь, 2015-жыл.

Украина 30-декабрь күнү кечинде Крымга электр энергиясын алып барган “Каховка-Титан” линиясын өчүрдү. Буга авариялык жагдай себеп болгону айтылууда.

“Интерфакс” агенттигине Севастополь аймагынын губернаторунун басма сөз катчысы Сергей Меняйло маалымат берип, Крымда жапырт жарык өчүшү же электр энергиясы улам-улам жок болору күтүлүп жатканын билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, ар үч саат сайын пландуу өчүрүүлөр болушу ыктымал.

Көчөлөргө жарык берүү токтотулду. Троллейбустар каттамга чыкпай, ордуна маршруттук таксилер жүрмөй болду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG