Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Брюсселде майрамдык сайрандоолор болбойт


Теракт коркунучуна байланыштуу Бельгия баш калаасында майрамга деп пландаштырылган фейерверк жана оюн-зоокторго тыюу салынды. Брюссель шаарынын мэри Иван Майор мындай чечим 30-декабрда өкмөт менен макулдашуудан соң кабыл алынганын жергиликтүү журналисттерге жарыя кылды. “Биз айла жоктон бул кадамга барып жатабыз”,- деген Майор былтыр жаңы жылды майрамдоо үчүн көчөгө жүз миңден ашуун адам чыкканын айтып, “быйыл тобокелчиликке бара албайбыз” деп кошумчалады.

Бир күн мурда Бельгиянын федералдык прокуратурасы жаңы жыл майрамы учурунда теракт уюштурууга шектелген эки кишини кармаган. Маалыматтарга караганда, ноябрда Парижде болгон калабаны уюштурууга бельгиялык бир канча согушкер катышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG