Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Орус өкмөтү 2016-жылдын 1-январынан тартып түркиялык компанияларга уруксат берилбей турган ишкердиктин тизмесин бекитти. Ага ылайык, түрктөргө курулуш, архитектура, инженердик-техникалык долбоорлоо, мамлекеттик муктаждыктарды камсыздоо, жыгачты кайра иштетүү жана туризм тармактарында иш жүргүзүүгө чек коюлду.

Бул чечим быйылкы жылдын 30-декабрына чейин келишим түзүлгөн Түркиянын ишканаларына тиешеси жок. Документ өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Эки өлкөнүн мамилеси түрк тарап Сирия менен чектешкен жеринде орус учагын атып түшүргөн 24-ноябрдан бери кескин курчуп кетти. Ошондон бери тараптар бири-бирин айыптап келет. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүгө көңүл бурбай койгон соң атып түшүрүлгөнүн билдирген. Москва муну четке каккан. (SE\NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG