Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Карамат Орозова Баатыр энелерге мамлекеттен колдоо жакшы болбой жатканын билдирди. Анын белгилешинче, өлкө боюнча 1100гө жакын аз камсыз болгон Баатыр энелер каттоодо турат.

-Президент Атамбаев май айынын акыркы жумасын энелер күнү деп жарыялаган. Ошол күнү жылына бир жолу 5 миң сомдон стипендия берүүнү сунуштайм. Орусияда 3 баладан кийин банктан эсеп ачылат, депозит деп. Ошондой эле бизде жок дегенде жети баладан көп төрөгөндөргө банктан эсеп ачып берсек.

Ушул эле маселени депутат Кенжебек Бокоев козгоп, учурда Баатыр энелердин пенсиясына миң сомдон кошулуп берилерин, пенсияга чыга электер ал каражатты да албай турганын кошумчалады. Эл өкүлү көп балалуулар жашына карабай, мамлекеттен бул колдоону алышы зарыл экенин белгиледи.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда Баатыр энелердин саны 30 миңге жакын. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG