Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:31

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев II даражадагы Манас ордени менен сыйланды


Акындын 60 жылдыгында президент Роза Отунбаева куттуктап жатат, Ат-Башы айылы, 21.02.2011.

Акындын 60 жылдыгында президент Роза Отунбаева куттуктап жатат, Ат-Башы айылы, 21.02.2011.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыгы боюнча республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республиканын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык Кыргыз эл акыны, “Азаттыктын” кабарчысы Шайлообек Дүйшеев, Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева II даражадагы Манас ордени менен сыйланды.

Ал эми спорт чебери, велоспорт боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Евгений Ваккер, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, өкмөттүн Ош облусу боюнча мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз улуттук консерваториянын профессору Улукмырза Полотов III даражадагы Манас ордени менен сыйланды.

Мындан сырткары президенттин жарлыгы менен бир катар ишмерлерге “Эрдик”, “Даңк” медалы, Ардак грамотасы берилди. “Даңк” медалын алгандардын арасында актриса, "Курманжан датка" тасмасында башкы ролду аткарган Элина Абай кызы, ЖК депутаты, режисер Садык Шер-Нияз бар. Ал эми “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” наамы Элүүбай Отунчиевге берилди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG