Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

АКШ Конгрессинин эки комитети Wall Street Journal басылмасына чыккан "Кошмо Штаттар Иран менен өзөктүк макулдашууга каршы чыккан Израилдин премьер-министрин аңдыткан" деген баяндаманы иликтейт. Бул багытта чалгын жана көзөмөл боюнча эки комитет Ак үйдө улуттук коопсуздук агенттигинен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда байкоого алгандыгы боюнча документтерди талап кылды.

Мыйзам чыгаруучуларды айрыкча Нетаньяху бул макулдашуу боюнча позициясы арасат абалда турган америкалык сенаторлорду каршы добуш берүүгө көндүрүүгө багытталган сүйлөшүүлөрү тыңшалган деген жери катуу түйшөлткөн. Биньямин Нетаньяху өзөктүк макулдашууга ачык каршы чыгып, анын үндөөсү менен АКШ Конгрессиндеги республикачылар бир добуштан каршы добуш берген болчу.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG