Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Чилиде чоң көк китти сактап калышты


Чилиде балыкчылар жээкке өзүн таштаган чоң көк китти деңизге кайра кайтарып, анын өмүрүн сактап калышты. Узундугу жыйырма метрден ашкан деңиз жаныбарын кайрадан деңиздин терең тилкесине жеткирүү үчүн үч сааттан ашуун убакыт керек болгон.

Чилиде балыкчылар өлкөнүн түндүгүндөгү Икике курортуна жакын жерде деңиздин толкуну менен тайыз жээкке келип, андан ары өзүн-өзү кургакка ыргыткан көк китти көрүп калышкан.

Жергиликтүү тургундар менен Чилинин флотунун аскерлери аркан жана тордун жардамы менен көк китти кайра океанга сүйрөп киргизишкен.

Көк кит дүйнөдөгү эң чоң деңиз жаныбары болуп саналат. Анын салмагы 150 тоннага чейин жетет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG