Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Москва Анкараны учкучтун бирин атып өлтүргөндөрдү жазалоого чакырды


“Биз Түрк бийлигинен орусиялык учкуч парашют менен конгону жатканда аны өлтүргөн Алпарслан Челик дегенди жана анын шекриктерин кармап, жоопко тартууну талап кылабыз” - деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова.

27-декабрда түркиялык Hurriyet басылмасына курган маегинде Сириянын түндөгүндөгү этникалык түркмөндөрдүн өкүлү Алпарслан Челик кыйраган учактан парашют менен жерге конгону келе жаткан учкучтардын бирин атып салган окуяны “күн сайын түркмөндөр жашаган аймакты бомбалоо үчүн табийгый өч алуу көрүнүшү” деп атаган. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Захарова Челик муну менен орус учкучун өлтүрүүнү моюнуна алды деп белгилеген. Ошондой эле ал террорчулук үчүн мактанган бул жагдай Москванын ачуусуна тийгенин айткан.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG